Блог
Кабыл алуу, окуу, документтер жана Каирдеги жашоо тууралуу макалалар.
Абдулбари Мурадил
14-октябрь, 2026
6 мүнөт
Хитоб, арыз, паспорт, виза жана резиденция
Египетте окуган кыргыз студентке керек документтер жана аларды кантип алуу керектиги тууралуу макалалар. Эң көп суралганы хитоб: ал эмне, ким берет, анда эмне жазылат жана колуңузга алганда эмнени текшерүү керек.
Негизги документтер
- Хитоб: «Кыргызстан жамаатынын кызмат көрсөтүү жана достук коому» окуу жайга бере турган, араб тилинде жазылган расмий кат. Ар бир хитобдун өз номери жана датасы бар, ал коомдун бланкына басылат.
- Арыз (жолдомо үчүн): тизмеге катталганда толтурулат, кайда окууга барарыңызды көрсөтүп, кол коёсуз.
- Паспорт: катталууда паспорттун астындагы эки сап (MRZ) окулат; паспорттун мөөнөтүн алдын ала текшериңиз.
- Виза жана резиденция: Египетте мыйзамдуу жашоо үчүн эмне керек, мөөнөттөрү жана узартуу тартиби.
Көп берилүүчү суроолор
- Хитобду кантип алса болот?
- Адегенде Муфтияттын студенттер тизмесине катталыңыз. Хитоб тизмедеги маалыматыңыз боюнча даярдалат, кененирээк «Хитоб деген эмне» макаласында.
- Хитобдо эмне жазылат?
- Номери жана датасы, студенттин аты-жөнү жана ал Кыргызстандын жараны экени, тандаган окуу жайына киришине коомдун тарабынан тоскоолдук жок экени. Текст кыска жана баарына бирдей калыпта.
- Хитобду ким берет?
- «Кыргызстан жамаатынын кызмат көрсөтүү жана достук коому» (جمعية جالية قيرغيزستان للخدمات والصداقة), Египеттеги кыргыз жамаатынын коому. Кат коомдун расмий бланкына басылат.