кыргыз студент бар
Египетте жалгыз эмессиз
жердештер жаныңызда
Египетке келгенде суроо көп: эмнеден баштайм, кандай кагаздар керек, кайда жашайм? Биз да ошол жолдон өттүк, ошондуктан билгенибизди ушул жактан бөлүшөбүз.
Алыста болсок да, ынтымагыбыз бекем
Максатыбыз терең билим жана таза ниет
миңдеген аалымдар
окуган, эми биздин кезек
Жүрөгүбүз мекенде, жолубуз илимде
Египетте эмнени окууга болот?
- Араб тили
- Куран жана тажвид
- Хадис илими
- Фикх жана шарият
- Тарых
- Философия
- Чет тилдер
- Котормочулук
Бул сайт эмне үчүн?
Египетте окуп жаткан кыргыздардын жамааты. Ал-Азхарга жана башка окуу жайларга тапшыруу, окуу жана жашоо боюнча кеңештер, жердештердин тажрыйбасы жана суроолоруңузга жооптор бардыгы жерде.
3 000+
Египетте окуган кыргыздар
1 051
Тизмеге катталды
60+
Окуу жайлар бар
Египеттеги жашоо тууралуу
Пайдалуу макалалар
3 миңге жакын
жердешке кошулуңуз
Тизмеге катталып, жамаатка кошулуңуз
Катталуу 5 мүнөт алат. Кабарлар, кеңештер жана керек учурда жардам жердештерден.
Египеттеги кыргыздар деген ким жана бул сайт эмне үчүн керек
azhar.edu.kg сайты Египетте окуган кыргыз студенттердин тизмеси жана алар үчүн блог. Тизмени Кыргызстан Муфтияты жүргүзөт: ким кайсы шаарда жашап, кайсы окуу жайда окуп жатканын билип турат, керек болгондо студент же анын Кыргызстандагы жакындары менен байланышат.
Египетте 3 миңдей кыргыз студент окуйт. Алар Каирдеги Ал-Азхар (Аль-Азхар) университетинде, анын маахаддарында жана башка 60+ окуу жайда билим алышат. Сайт ошол жамаатты бир жерге чогултат: тизмеге катталуу, хитоб жана жолдомо, Ал-Азхарга тапшыруу, окуу жана Каирдеги жашоо боюнча кеңештер.
Сайтта эмне бар
- Тизмеге катталуу: паспорттун сүрөтүн тартасыз, маалымат өзү толтурулат; дарек, телефон жана жолдомо үчүн арыз ошол эле бетте. Бардыгы 5 мүнөт алат.
- Хитоб: окуу жайга тааныштыруу үчүн араб тилинде жазылган расмий кат. Ал тизмедеги маалыматыңыз боюнча даярдалат.
- Блог: Ал-Азхарга тапшыруу, маахад жана факультеттер, араб тили, документтер, виза жана резиденция, Каирде турак жай, акча жана транспорт тууралуу макалалар.
- Байланыш: суроолор боюнча Муфтияттын студенттер менен иштеген кызматкерлерине жазсаңыз болот.
Египетте эмнени окууга болот
Ал-Азхар бир эле университет эмес, бүтүндөй билим берүү системасы: университетке чейинки маахаддар (чет элдиктер үчүн Маахад аль-Буус аль-Исламия), университеттин факультеттери жана Ал-Азхар мечитиндеги риуак сабактары. Кыздар үчүн өзүнчө факультеттер бар.
Египетте окууга боло турган багыттар: араб тили, Куран жана тажвид, хадис илими, фикх жана шарият, тарых, философия, чет тилдер, котормочулук.
Тизме кимге керек
Египетте окуп жаткан же окууга бараткан Кыргызстандын жарандарына: Ал-Азхар университетинин, маахаддын же башка окуу жайдын студенттерине. Катталуу акысыз, телефондон да, компьютерден да болот. Маалыматыңыз өзгөрсө, форманы кайра толтуруңуз, жазуу паспорт номери боюнча жаңыртылат, экинчи жазуу түзүлбөйт.
Көп берилүүчү суроолор
- azhar.edu.kg деген кандай сайт?
- Бул Кыргызстан Муфтиятынын Египетте окуган кыргыз студенттеринин тизмеси жана блогу. Сайтта тизмеге катталууга, хитоб жана жолдомо тууралуу билүүгө, Ал-Азхарга тапшыруу, окуу жана Каирдеги жашоо боюнча макалаларды окууга болот.
- Тизмеге катталуу үчүн эмне керек?
- Паспорт, Египеттеги жана Кыргызстандагы дарек, телефон жана Кыргызстандагы жакыныңыздын байланышы. Паспортту сүрөткө тартасыз, аты-жөнү, паспорт номери, туулган датасы жана мөөнөтү паспорттун астындагы эки саптан өзү окулат. Бардыгы 5 мүнөт алат.
- Хитоб деген эмне?
- Хитоб (арабча «хитаб», кат) деген «Кыргызстан жамаатынын кызмат көрсөтүү жана достук коому» окуу жайга бере турган, араб тилинде жазылган расмий кат. Анда студент Кыргызстандын жараны экени жана тандаган окуу жайына киришине тоскоолдук жок экени айтылат. Хитоб тизмедеги маалымат боюнча даярдалат.
- Маалыматымды ким көрөт?
- Муфтияттын студенттер менен иштеген кызматкерлери гана. Маалымат сайтта жарыяланбайт жана сатылбайт. Паспорттун толук сүрөтү серверде окулгандан кийин ошол замат өчүрүлөт, эки саптын кесиндиси гана шифрленип сакталат.
- Египетте канча кыргыз студент бар?
- Египетте 3 миңдей кыргыз студент бар. Алар Ал-Азхар университетинде, анын маахаддарында жана башка 60+ окуу жайда окушат.